Маанилүү жаңылыктар

Төрөбаев: Айылдагы ар бир дыйкан-фермерлерде чакан үлгүлүү чарбалар болушу керек

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Талас облусуна болгон жумушчу иш сапары менен барып, бир катар фермердик чарбалардын ишмердүүлүгү менен таанышып, көйгөйлөрүн укту.

Алгач, Талас районунун Көпүрө-Базар айылында түзүлгөн көрсөтмө фермердик чарбаны көрдү. Чарба ээси Өмүржан Жаманкулов “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорун алгаында уй сарайын оңдоп-түзөөдөн өткөргөн. Учурда асыл тукум багытындагы 12 саан уй кармайт.

Министр Бакыт Төрөбаев мындай чакан үлгүлүү чарбалар айылдагы ар бир дыйкан-фермерлерде болушу керектигин айтып, министрлик тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлө турганын белгиледи.

Мындан улам, ар бир айылда сүт муздаткыч танкер жана сүт ташуучу цистерналар, саан апараты болушу зарылдыгын, малды асылдандыруу багытында ар бир айылда ветирнардык кызмат уруктандырууга өзгөчө көңүл бурушу керектиги боюнча министрликтин ведомство жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берди. 

Андан соң, Манас районундагы «Беш-Кадам» Агросервис үрөн чарбасы жана «Мамбетжан-Ата» айыл чарба агросервис кооперативи, үрөн чарба жана асыл тукум чарбасынын абалы, ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.

«Беш-Кадам» Агросервис кооперативи, үрөн чарбасы 2012 жылы түзүлгөн.  Жалпы 59 гектар жерди иштетип, буудай, арпа, пияз, төө бурчак, тоют кызылчасын, көп жылдык чөп айдайт.

Ошондой эле, Ахалтекин породасындагы таза кандуу 28 баш жылкы, анын ичинен 12 баш тубар бээ, Швицкая, Норвежская породасындагы 20 баш уй, анын ичинен 13 баш саан уй кармайт.

Ал эми «Мамбетжан-Ата» айыл чарба агросервис кооперативи, үрөн чарба жана асыл тукум чарбасы 310 гектар жерди иштетип, 200 га буудай, 40 га арпа, 40 га көп жылдык чөп, 23 га жүгөрү, 6 га кант кызылчасын айдайт. 

Мындан сырткары, Арашан породасындагы 1000 баш кой, тубары 700 баш, урук кочкор 20 баш, жылкы 35 баш, тубар бээ 28 баш, племенной айгыр 3 баш, Ангус породасындагы 30 баш, Монбельярд породасындагы 60 баш саан асыл тукум уй багат.

Show More
Back to top button