Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Министр Төрөбаев Киров суу сактагычына барып, жайкы сугат иштери менен таанышты – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЖаңылыктарМаанилүү жаңылыктар

Министр Төрөбаев Киров суу сактагычына барып, жайкы сугат иштери менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Талас облусуна болгон иш сапардын алкагында Киров суу сактагычына барды.
Министр учурдагы жайкы сугат мезгилине берилип жаткан суунун кирип-чыгып жаткан көлөмү менен таанышып, талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпай өз убагында тейлөө боюнча министрликке караштуу тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө министр Төрөбаев, суу маселеси дүйнө боюнча орчундуу көйгөйлөрдүн бирине айланганын белгилеп, Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатынын негизинде, министрликтеги эң орчундуу артыкчылыктуу багыт катары сууга өзгөчө басым жасалып жатканын билдирди.
Киров суу сактагычынын негизги максаты – ирригациялык. Суунун сыйымдуулугу 550,0 млн.м3 түзөт. Сууну Кыргызстан менен Казакстан өлкөлөрү пайдаланат.
Киров суу сактагычынын жардамы менен 80 миң гектар жерди сугат суусу менен камсыздоо жогорулатылып, кошумча жаңы 40 миң гектар сугат суусу менен камсыз болгон.

Show More
Back to top button