Маанилүү жаңылыктар

“TURKISH AIRLANES” авиалиниясы менен айыл чарба товарларын жеткирип туруу боюнча макулдашылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Түрк элчилигинин өкүлдөрү жана “TURKISH AIRLANES” авиалиниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынан Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарына чейинки Айыл чарба товарларын ташуу боюнча макулдашууга кол коюлда.
Анын жыйынтыгында Кытай Эл Республикасы менен ” TURKISH AIRLANES ” түрк авиалиниясынын айыл чарба товарларын (жүктөрдү) жумасына 300 тоннага чейин ташуу каралганынын жана 1 килограмм баасы 6-7 доллардан 1-1, 5 долларга төмөндөтүлгөн.
Ошондой эле, бул макулдашуу атамекендик өндүрүүчүлөрдү жана экспортерлорду айыл чарбасын активдүү өнүктүрүүгө жана республиканын экспорттук потенциалын жогорулатууга чоң салым кошот.
Министрлик тарабынан айыл чарба товарларынын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында бүгүнкү күндө бардык зарыл иш-аракеттерди жүргүзүп келет.
Ал эми авиа каттам аркылуу айыл чарба товарларын ташуу боюнча бардык суроолорду Жанузаков Данияр Жумабековичге берсениздер болот. тел: 0312-623722 жана мобильдик тел: +996 999 766655.

Show More
Back to top button