Маанилүү жаңылыктар

«Талас Сүт» ишканасынын продукциясы Россия, Казакстанга экспортолот

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Талас облусуна болгон иш сапардын алкагында Суусамыр өрөөнүндөгү “Музтөр” жайлоосунда сүт чогултуу пунктун ачты.

Бийик тоолуу шартта сүттүн сапатын жогорулатуу максатында бул борборго Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун долбоору аркылуу 3 тонналык муздаткыч танкер жана 2 тонналык сүт ташуучу цистерна орнотулуп, сүт өндүрүүчүлөр жамааты түзүлдү.

Иш чарада Төрөбаев: “Малчыларыбыз жай мезгилинде уйларын алыскы жайлоолордо багып, сүттү чогултуп, аны Талас шаарына чейин 120 чакырымдан алыс аралыкка ташып баруу сүттүн сапатын төмөндөтүп, өндүрүүчүлөрдүн кирешесин азайтып келген. Эми муздаткыч танкер жана сүттү сактоо жана ташуу үчүн цистерналар малчыларыбыздын түйшүгүн кыйла жеңилдетет”, – деп белгиледи.

Андан соң, министр Талас шаарындагы «Талас Сүт» сүт ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Анын алкагында Айыл чарба, суу ресурстары жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин колдоосу менен Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор аркылуу берилген жардамдардын натыйжалуулугун көрүп, аларды мындан ары өркүндөтүү боюнча мүмкүн болгон ар тараптуу колдоолор көрсөтүлөрүн министр сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билдирди.

Талас Сүт» ишканасы заман талабына ылайык реконструкциялоо жана модернизациялоого муктаждыгы айтылды. Ишкананын жайкы сезондо суткалык кубаттуулугу 30-40 тоннаны түзөт. Адистердин, кызматкерлердин жана жумушчулардын саны 70 ке жакын. Учурдагы болгон өндүрүш кубаттуулугу 60%га араң жетет.

Сүт продукциясынын (каймак май жана кургак сүт) 80-85% облустун жана Бишкек шаарынын ички рыногун камтыса, калган 15-20% Россия, Казакстанга экспортко жөнөтүлөт.

Сүт тапшыруучулардын жалпы саны 1500 дөн ашуун фермерлерди түзөт жана сүт чогултуу облустун 40 айылынан жүргүзүлөт, ошондой эле сүт чогултуучу 3 стационардык пункту бар.

Show More
Back to top button