
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы сыяктуу чет өлкөлөр менен Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк продуктуларына болгон бааларга салыштырмалуу мониторинг жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продуктыларына болгон баа, коңшу Казакстан Республикасынын базар бааларынан 12,02% га төмөн, ал эми Россия Федерациясынан 14,44 % га төмөн экендиги аныкталды.
Ошондой эле, эскерте кетсек, өткөн аптага салыштырмалуу Кыргыз Республикасынын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продуктыларына болгон баа 0,82 % га жогоруласа, коңшу Казакстан Республикасынын базар баалары 3,4 % га төмөндөгөн, ал эми Россия Федерациясы 1,7 % га төмөн экендигин байкаса болот.