Маанилүү жаңылыктар

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери Россиядан квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүштү

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин адистери 2024-жылдын 8-июлунан тартып 12-июлуна чейин Россия Федерациясынын ФГБУ “ВНИИКР” базасында “Бак-дарак өсүмдүктөрдүн карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу оорулары” деген темада квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүп келишти.

ФГБУ “ВНИИКР”дин адистери даярдаган, негизги окуу программасынын бөлүмдөрү, кошумча кесиптик программа катары карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу жыгач өсүмдүктөрүнүн козгогучтарын аныктоо жана диагностикалоо боюнча өсүмдүктөрдүн карантини жаатында лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн өздөштүрүү, калыптандыруу жана жөндөмдүүлүктөрүн өркүндөтүү.

Айрым лекцияларда карантиндик жана жыгач өсүмдүктөрүнүн өзгөчө коркунучтуу оору козгогучтарын аныктоо жана идентификациялоо боюнча лабораториялык изилдөөлөрдүн өзгөчө ыкмалары каралды

Окуунун жыйынтыгында адистер ийгиликтүү аттестацияланып сертификатка ээ болушту.

Show More
Back to top button