Маанилүү жаңылыктар

Токтогул райондук ооруканасынын мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен жери аныкталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун аймактык ооруканасына текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн натыйжасында бир нече жер мыйзамдарын бузуу фактыларын аныкталды.

Тактап айтканда, Токтогул райондук ооруканасына тиешелүү жалпы 35000 чарчы метр жер аянты жеке жарандарга мыйзамсыз менчикке берилип кеткен. Жыйынтыгында акт түзүлүп, КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 434-беренесинин негизинде тиешелүү суммада айып пул салынды. Ошондой эле, бул боюнча материалдар Токтогул райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Show More
Back to top button