Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстанда жарандар бир айда азык-түлүккө канча каражат коротот?

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан 2024-жылдын июнь жана июль айларына карата республика боюнча азык-түлүк куржунунун баасына мониторинг эсептелип чыкты.

Азык-түлүктүн баасы кобүнчө жашылча жемиштер, сүт азыктары жана бахча өсүмдүктөрүнө баалары өзгөргөндүгүн байкаса болот, мисалы:

ИюньИюль
Азыктардын тизмеси
1-сорттогу буудай уну – 42 сом 1-сорттогу нан – 31 сом Күрүч – 159 сом Гречка – 78 сом Пияз – 25 сом Помидор – 111 сом Бадыраң –71 сом Сабиз – 37 сом Капуста – 29 сом Картөшкө – 30 сом Төө буурчак – 105 сом Кумшекер – 85 сом Өсүмдүк майы – 116 сом 10 даана жумуртка – 112 сом Алма – 120 сом Кой эти – 561 сом Уй эти – 512 сом Канаттуулар эти – 307 сом Балык –399 Чийки сүт – 44 сом Айран – 61 сом1-сорттогу буудай уну – 44 сом 1-сорттогу нан – 29 сом Күрүч – 132 сом Гречка – 74сом Пияз – 36 сом Помидор – 100 сом Бадыраң –63 сом Сабиз – 36 сом Капуста – 29 сом Картөшкө – 23 сом Төө буурчак – 71 сом Кумшекер – 86 сом Өсүмдүк майы – 130 сом 10 даана жумуртка – 111 сом Алма – 117 сом Кой эти – 542 сом Уй эти – 517 сом Канаттуулар эти – 350 сом Балык –432 сом Чийки сүт – 42 сом Айран – 62 сом

2024-жылдын  июнь айына карата азык-түлүк куржундун баасын эске алуу менен республика боюнча жашоо минимумун эсептей келгенде бир айда бир жаранга 8050 сомду түздү, ал эми 2024-жылдын июль айына карай эсептелген жашоо минимуму 7959 сомду түздү жана июнь айы менен салыштырмалуу 1,13% га төмөндөгөнүн байкаса болот.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинен берилген жашоо минимуму республика боюнча 7769,17 сомду түзөт жана орточо айлык маяна 33664 сом.

Show More
Back to top button