Маанилүү жаңылыктар

Айыл чарба тармагындагы лабораториялар жаңы заманбап жабдуулар менен камсыз болууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине каршатуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясына Европа өндүрүшүндөгү SCION GC 8500 газ хроматографы сатылып алынды. Бул техника Дүйнөлүк банктын “Ош облусун жана Ош шаарын региондук экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун гранттык колдоосу менен сатып алынды.

Белгилей кетсек, газ хроматографынын негизги функциясы айыл чарба продукцияларында, топуракта жана суудагы пестициддердин калдык санын аныктоо болуп саналат.

Бүгүнкү күндө, Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясы тарабынан бардыгы болуп 246 үлгү айыл чарба продукциясынын курамындагы пестициддердин калдык санын аныктоо иши жүргүзүлдү.

Азыркы учурда Ош облусунун Достук жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя көзөмөлдөө-өткөрмө пункту (КПП) аркылуу өлкө аймагына кирип жаткан айыл чарба продукциялары милдеттүү түрдө лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүп жатат.

Show More
Back to top button