Маанилүү жаңылыктар

Жаныбарлардан адамга жугуучу оорулар олуттуу эпидемиологиялык потенциалга ээ

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы жаныбарлардан адамдарга жугуучу ооруларды азайтуу үчүн аракеттерди тыгыз координациялоого чакырат.

Ветеринардык кызмат жаныбарлардан адамга жугуучу оорулар дүйнө жүзү боюнча бардык козгогучтарынын жогорку пайызын түзөөрүн эскертет.

Мындай ооруларга каршы күрөшүүдө республиканын мамлекеттик органдарынын карым-катнашын күчөтүү максатында Ветеринардык кызмат Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) колдоосу менен “Зооноздук ооруларды көзөмөлдөө үчүн “Бирдиктүү ден соолук” ыкмасын күчөтүү” темасында форум өткөрдү. Аталган форумга Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева да катышты.

Форумда саламаттыкты сактоо, айлана чөйрө жана ветеринария тармагындагы алдыңкы адистер, адамдын, жаныбарлардын коопсуздугу жана ден соолугу боюнча темаларды талкуулашты.

Буга кошо форумдун катышуучулары, эпидемиологиялык көзөмөлдү пландаштырууда жаныбарлардын ден соолугун сактоочу жана көзөмөлдөөнү камсыз кылуучу алдыңкы чараларды киргизүү жана тобокелдиктерди так баалоо маанилүү экендигин белгилешти.

Анда адамдардын, жаныбарлардын ден соолугун жана ошондой эле айлана-чөйрө жаатында өсүп жаткан байланышты тааныган глобалдык ден соолуктун “Бирдиктүү ден соолук” концепциясы да көңүл чордонунда болду.

“Зооноздук оорулар чындыгында олуттуу эпидемиологиялык потенциалга ээ жана алар менен ийгиликтүү күрөшүү тиешелүү секторлордун ортосунда тыгыз кызматташууну, өз ара аракеттенүүнү жана координациялоону талап кылат”, – деп белгиледи Нурила Алтымышева.

Форумдун жыйынтыгы боюнча 14 артыкчылыктуу багыт боюнча координациялык эпидемиологиялык көзөмөлдү өнүктүрүү планы даярдалды. Форумдун катышуучулары жаныбарлар менен адамдардын ортосунда жугуучу ооруларды алдын алуу, тобекелдиктерди баалоо, аныктоо жана алар менен күрөшүү боюнча жалпы максатка жетүү үчүн кызматташууну жана биргелешип иштөөнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Show More
Back to top button