Маанилүү жаңылыктар

Республика боюнча сугат суу кандай бөлүштүрүлүүдө?

2024-жылдын 17-июлуна  карата сугатка суу берүү план боюнча 4033,1 млн.м3 болсо, иш жүзүндө 3261,2 млн.м3 же болбосо 81 % аткарылган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 82,3 млн.м3 көп.

Бардык сугарылган аянт план боюнча 2481,4 миң га болсо, иш жүзүндө 1929,4 миң га же болбосо 78 % аткарылган. Республика боюнча биринчи сугат менен 922,2 миң гектар сугарылса, анын ичинен: дан эгиндери – биринчи сугаты 151,7 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 252,4 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 103,4 миң га, мөмө жемиш бактары – биринчи сугаты 39,27 миң га, күрүч – биринчи сугаты 11,488 миң га, төө буурчак – биринчи сугаты 42,8 миң га, май өсүмдүктөрү– биринчи сугаты 5,2 миң га аянты сугарылган, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 179,8 миң га.

Баткен облусу боюнча сугатка суу берүү планда 368,4 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 341,6 млн.м3, план 93 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 256,0 миң га болсо, иш жүзүндө 223,2 миң га же болбосо 87 % аткарылган.  Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 4,34 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 5,72 миң га, дан жүгөрү – биринчи сугаты 10,48 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 5,62 миң га, мөмө-жемиш бактары – биринчи сугаты 12,43 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 14,938 миң га,

Ош облусу боюнча  сугатка суу берүү планда 714,39 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 500,1 млн.м3, план 70 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 440,8 миң га болсо, иш жүзүндө 307,0 миң га же болбосо 70 % аткарылган.  Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 9,85 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 24,77 миң га, мөмө-жемиш бактары – биринчи сугаты 5,55 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 30,18 миң га,

Жалал-Абад облусу боюнча  сугатка суу берүү планда 597,6 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 546,5 млн.м3, план 91 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 356,3 миң га болсо, иш жүзүндө 322,6 миң га же болбосо 91 % аткарылган. Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 12,1 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 18,84 миң га, дан жүгөрү – биринчи сугаты 24,3 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 34,39 миң га,

Ысык-Көл облусу  сугатка суу берүү планда 385,8 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 354,9 млн.м3, план 92 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 207,2 миң га болсо, иш жүзүндө 188,5 миң га же болбосо 91 % аткарылган. Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 36,58 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 45,46 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 15,78 миң га, мөмө-жемиш бактары – биринчи сугаты 6,63 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 20,52 миң га,

Нарын облусу боюнча  сугатка суу берүү планда 473,6 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 389,2 млн.м3, план 82 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 220,5 миң га болсо, иш жүзүндө 166,5 миң га же болбосо 76 % аткарылган. Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 25,8 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 68,7 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 12,7 миң га,

Чүй облусу боюнча сугатка суу берүү планда 1033,8 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 712,8 млн.м3, план 69 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 762,8 миң га болсо, иш жүзүндө 517,9 миң га же болбосо 68 % аткарылган.   Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 52,288 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 77,857 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 28,96 миң га, мөмө-жемиш бактары – биринчи сугаты – 8,626 миң га, малина-клубникалар – биринчи жана экинчи сугаты 9,45 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 43,067 миң га,

Талас облусу боюнча  сугатка суу берүү планда 459,5  млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 416,0 млн.м3, план 91 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 237,8 миң га болсо, иш жүзүндө 203,7 миң га же болбосо 86 % аткарылган. Өсүмдүктөр боюнча: дан эгиндери – биринчи сугаты 10,7 миң га, көп жылдык чөп – биринчи сугаты 20,0 миң га, дан жүгөрү – биринчи сугаты 3,5 миң га, жашылчалар – биринчи сугаты 7,1 миң га, мөмө-жемиш бактары – биринчи сугаты 2,9 миң га, башка өсүмдүктөр – биринчи сугаты 24,0 миң га.

Show More
Back to top button