Маанилүү жаңылыктар

6 айда 389.1 миң мал жандык идентификациялоодон өткөрүлдү

2024-жылдын 6 айында , Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасынын маалыматтык тутумунда 2 224,2 миң баш ири мүйүздүү мал, 2,3 миң баш чочко, 507,2 миң баш жылкы активдүү (тирүү) статусун түзөт.

Анын ичинен 2024-жылы республика боюнча төлдөрдү идентификациялоодо 374,6 миң баш ири мүйүздүү мал, 4,1 миң баш чочко, 10,4 миң баш жылкы идентификациядан өтүп, Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына (мындан ары – ЖИКС) каттоого алынды.

Топтук идентификациялык номер ыйгаруу менен жаныбарларды идентификациялоо боюнча 55 үй канаттуулар чарбасы жана 145 үй канаттуулар фермасы, 1442  аары багуучу чарбада 99,7 миң аары бал челектер, 423 чарбада 1754 көлмөлөр идентификациядан өткөрүлүп, ЖИКС маалыматтык тутумуна киргизилди.

2024-жылы республика боюнча кой-эчкилерди идентификациялоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн Ветеринардык кызматынын буйругу чыгарылып, Араван, Кемин, Түп райондору пилоттук райондор катары аныкталган. Бүгүнкү күндө пилоттук райондордо 124,2 миң баш кой-эчкилер идентификациядан өткөрүлүп, план 41 % аткарылды.

Show More
Back to top button