Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Малдын асылдуулугун жогорулатуу боюнча окутуу өттү – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Малдын асылдуулугун жогорулатуу боюнча окутуу өттү

Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти тарабынан жайыттарды туруктуу башкаруу жана муниципалдык ишканаларды түзүүгө көмөк көрсөтүү максатында, Чүй облусунун Чүй, Кемин, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Панфилов жана Жайыл райондорунда жайыттарды жакшыртуу жана малдын асылдуулугун жогорулатуу боюнча окутуу болуп өттү.

Окутуу төмөнкү темалар боюнча жүргүзүлдү:

“Жайыттарды башкаруу, муниципалдык ишканаларды түзүү жөнүндө”; 

“Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын түзүү”;

“Жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себүүнүн агротехнологиясы”;

“Асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүүгө берүүнүн тартиби”;

“Малдын асылдулугун жакшыртуу”;

Окутууга райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары, айыл аймактарынын башчылары, жайыт адистери жана муниципиалдык ишканалардын адистери катышышты.

Show More
Back to top button