Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстандык дыйкан-фермерлер Астананын базарларына айыл чарба продукцияларын экспорттой алышат

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча өнөктөштөрдү табуу иштерин алып барууда. Логистика маселесин экске алуу менен Казакстан менен Россияга экспорттоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Азыркы учурда Казахстан Республикасындагы элчилигинин маалыматы боюнча Астана шаарынын “Астаналык” базарында соода орду (өлчөмү 180 см) 1 айга 100 миң теңге, 2 жана андан кийинки айларга 50 миң теңге турат. Продукцияны сактоо складдар базардын аймагында жок экендигин билдирет. Продукцияны лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү үчүн өзүнчө акы алынат. Учурда бош орундар бардыгын базардын администратору Н.Н. Бериханова билдирет.

Ошол эле Астана шаарынын “Шарын” дүң базарынын администратору А.Жетмековдун айтымында, учурда жүк ташуучу унаалардан гана соода жүргүзүлүүдө. Продукциялар дарбыз жана коондор менен гана көрсөтүлөт. Күзгө жакын көрсөткүчтөр кеңейет. Дарбыздардын дүң баасы 1 кг 70-100 теңге, коон 330-350 теңге. Бир жүк ташуучу унаадан төлөм баасы күнүнө 7000 теңге, “газель” автоунаасы 5000 теңге. Келерки жылы ушул эле базардын аймагында 22 миллион теңгеге соода павильондору сатылат. Соода павильондорунун өлчөмү 5*12 м, аянты 60 кв.м, шыптын бийиктиги 4,5 метр.

Урматтуу өндүрүчүлөр, төмөнкү тиркемеде Астананын базарларында айыл чарба продукциясынын чекене баалары көргөзүлгөн. Астана шаарына айыл чарба продукциясын экспортоого кызыктар тараптардын суроолоруна министрликтин кызматкери Н.Т. Каарбаева +996557557529 телефон аркылуу жооп берет.

Астананын базарларында айыл чарба продукциясынын чекене баасы:

(2024-жылдын 10-июлуна карата)

  №Продукттун  аталышыкг га баасы (тенге)
1  Сабиз  300
2  Перец  400
3  Помидор (томат)  500-1500 (сорттун түрүнө жараша)
4  Капуста  200
5  Пияз  200
6  Сарымсак  2000
7  Картошка  250
18  Ашкабак  500
8  Фасоль  1200
16  Күрүч  600-650
9  Алма  500-1000 (сорттун түрүнө жараша)
10  Алмурут (жаңы)  1000
11  Малина  2000-2500
12  Кулпунай  2000-2500
13  Алча (жаңы)  1800
14  Өрүк (жаңы)  700
15  Шабдалы  800-1500 (сорттун түрүнө жараша)
17  Карагат  2500
20  Кара өрүк  2000
22  Дарбыз  150
23  Коон  600
21  Грек жаңгагы  4000 (тазаланган), 1500 (тазаланбаган.)
19  Пахта  такталууда
Show More
Back to top button