Маанилүү жаңылыктар

Республика боюнча өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине каршы 8 миң га ашуун жерге энтомафагдар коё берилди

Бүгүнкү күндө Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинде өндүрүлгөн энтомофагдар (зыяндуу курт кумурскалар менен азыктануучу организм) республика боюнча өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине каршы 8586 га жерге коё берилди.

Алардын ичинен:

Амблисейус (трипс жана жөргөмүш кенелерине каршы колдонулган аккарифаг) 1024 гектар аянтка колдонулган;

Афелинус (кан мителерине каршы колдонулуучу энтомофаг) 150 гектарга;

Габробракон (пахтанын курттарына жана башка курттардын түрлөрүнө каршы колдонулуучу энтомофаг) 369 га талаага зыянкеч курттарга каршы колдонулган;

Трихограмма (күзгү, пахта, жапайы курт-кумурскалар, капуста жана шалкан көпөлөктөрү, помидор жана картошка көпөлөктөрү сыяктуу зыяндуу курт-кумурскалардын 200 түрүнө каршы колдонулуучу энтомофаг) 3243 гектар жерге колдонулган;

Алтын көз (мите, жөргөмүш кенелери сыяктуу зыяндуу курт-кумурскалардын 80 түрүнө каршы колдонулуучу энтомофаг) 3800 га талаага кое берилди.

Show More
Back to top button