Маанилүү жаңылыктар

Айыл чарбасын камсыздоо үчүн 400 тоннадан ашуун пестицид ташылып келинди

2024-жылы республиканын айыл чарбасынын пестициддерге болгон жалпы керектөө эсеби – 615,4 тоннаны түзүп, 2024-жылдын 10-июлуна карата 467,15 тонна пестициддер ташылып келинди. Башкача айтканда, айыл чарбасын пестициддер менен камсыздоо – 76%ды түздү.

Жалпы пестициддердин ичинен үрөн ууландыргычтарга (жаздык жана күздүк кылкандуу дан эгиндерине) керектөө – 56,9 тонна болсо, 2024-жылдын 10-июлуна карата – 43,3 тонна ташылып келинди, же камсыздоо – 76,2,0 %, гербициддерге болгон керектөө – 323,4 тонна болсо, камсыздоо – 232,9 тоннаны түздү же 72,0 %, инсектициддерге болгон керектөө – 172,9 тонна болсо, камсыздоо – 139,7 тоннаны түздү, же 80,8 %, ошондой эле фунгициддерге болгон керектөө – 62,2 тонна болсо, камсыздоо – 51,22 тоннаны, же 82,3 % түздү.

Белгилей кетсек, жыл сайын республиканын айыл чарбасын пестициддер менен камсыз кылуу 120%га чейин түзөт. Башкача айтканда, айыл чарбасын пестициддер менен камсыздоодо көйгөйлөр жок.

Республика аймагына ташып келүүчү ири компаниялар (расмий дистрибьюторлор) төмөнкүлөр:

«АгроСтайл» ЖЧКсы (Абдипаизов У. тел.: 0779 939-360),

«Догал Агрохимикаты и Пестициды» ЖЧКсы (Сарлыков И. тел.: 0507 675-970),

«АгроПак» ЖЧКсы (Пак В. А. тел.: 0555 229-846),

«Агрохимия» ЖЧКсы (Абдивалиев А. К. тел.: 0706 009-955),

«Алби Агро» ЖЧКсы (Кирьянов А. В. тел.: 0312 65-98-65),

«Агриматко» ЖАКФы (Абдыра тегин М. тел.: 0312 48-34-29),

«Алем Агро КейДжи» ЖЧКсы (Эшимов Н. тел.: 0555 987-278), «ХимПромПлюс» ЖЧКсы (Абдырахманова В. тел.: 0709 898-888), «Пестициды» ЖЧКсы (Анарбаева А. Б. тел.: 0312 68-17-98),

«АгроВет Трейд» ЖЧКсы (Юлдашев Н. Х. тел.: 0500 052-222),

«Кыргыз Агро Кемикалз» ЖЧКсы (Тотобаев М. тел.: 0556 171-181).

2024-жылы өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын баалары дыйкандар үчүн жеткиликтүү жана алардын орточо баалары төмөндөгүчө:

үрөн ууландыргычтар – 650-850 сом/л,

гербициддер – 600-3000 сом/л,кг,

инсектициддер – 600-2500 сом/л,кг,

фунгициддер – 650-2800 сом/л,кг болду.

Show More
Back to top button