Маанилүү жаңылыктар

Бүгүнкү күндө 700дөн ашуун айыл чарба кооперативи өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө

Суу ресурсатары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 1-июль айына карата жалпы республика боюнча бардыгы болуп 741 айыл чарба кооперативдери айыл чарба өндүрүшүндө өз ишмердиктерин жүргүзүшүүдө. Жалпысынан иштеткен жеринин аянты 53127 га, ал эми мүчөлөрүнүн саны 25670.

Анын ичинен:

Чүй облусунда – 102 (30097,5 га.);

Ысык-Көл облусунда – 65 (5429,7 га.);

Ош облусунда – 98 (4058,1 га.);

Жалал-Абад облусунда – 247 (5415,5 га.);

Талас облусунда – 85 (1662,5 га.);

Нарын облусунда – 66 (2730,4 га.);

Баткен облусунда – 78 (3026,4 га.).

Белгилей кетсек, айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаменти кооперативдик системаны өнүктүрүү жана түзүү максатында, региондордогу майда айылдык товарөндүрүүчүлөрдүн айыл чарба кооперативдерине өз ыктыяры менен биригүү принциптерине жана демократиялык башкаруу механизмин жайылтуу максатында иштерди жүргүзүүдө.

Show More
Back to top button