
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы Тоң районундагы чагылгандын кесепетинен өлгөн койлорду ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык көмүп, утилизация кылышты.
Эске салсак, 2024-жылдын 7-июлунда Тоң районунундагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн Жаз-Кечүү жайлоосунда түшкөн чагылгандын кесепетинен, жергиликтүү чабандын көп сандагы коюу өлгөн. Учурда аталган райондо эпизоотиялык абал туруктуу бойдон сакталууда.




