Маанилүү жаңылыктар

Үрөндүк себүүлөрдө талаа инспекциялар жүргүзүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти үрөндүк себүүлөрдө талаа инспекцияларды жүргүзүүдө.

Үрөндүк себүүлөрдө талаа инспекцияны жүргүзүү – үрөндүк материалдын сорттук жана түрдүк тазалыгын же өсүмдүктүн типтүүлүгүн, булганышын, илдеттерин жана зыянкечтерин аныктоо максатында анын сапатын көзөмөлдөөнүн негизги ыкмасы.

КР аймагында колдонууга уруксат берилген сорттордун мамлекеттик реестрине киргизилген сорттордун жана гибриддердин үрөндүк себүүлөрү талаада текшерүүдөн өткөрүлөт.

Үрөндүк себүүлөрдө талаа инспекцияны үрөнчүлүк чарбаларынын арызынын негизинде, себилген үрөндөрдүн келип чыгышын жана сапатын күбөлөндүргөн документтердин болушу менен жүргүзүлөт.

Show More
Back to top button