Маанилүү жаңылыктар

5-июлга карата 512 километрден ашуун чарба аралык канал оңдолду

2024-жылдын вегетация мезгилине даярдык көрүү максатында Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 512,5 км чарба аралык каналдардын оӊдоо жана механикалык тазалоо, 527 гидротехникалык курулмалардын, 194 суу өлчөөчү посттордун, 114 насостук станциялардын, 202 насостук агрегаттын оңдоо, 16 насостук агрегаттын алмаштыруу жана 10 суу топтоочу курулмалардын (4 суткалык, 3 декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин, 3 суу сактагычтын), 59,6 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштери аткарылууда.

2024-жылдын сугат мезгилине даярдоо план-графигине ылайык, мамлекеттик суу чарба объектилеринин оңдоо жана механикалык тазалоо боюнча негизги иштери Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча 2024-жылдын 10-апрелине карата, Чүй жана Талас облустары боюнча 2024-жылдын 1-майына карата, Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча 2024-жылдын 10-майына карата бүткөрүлүп, учурда суу пайдалануучулардын өтүнмөсүнүн негизинде сугат суу берилүүдө.

Show More
Back to top button