Маанилүү жаңылыктар

Мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен айыл чарба жерлери аныкталды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Жалал-Абад облусуна караштуу Кербен шаардык мэриясына текшерүү жүргүзүп, мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен айыл чарба жерлерин аныктады.

Белгилей кетсек, аталган мэриянын тийиштүү кызмат адамдары тарабынан КРнын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” №145 Мыйзамынын талаптарын одоно түрдө бузуу менен 53 жаранга 600 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин жер тилкелерин жеке менчикке берип жиберишкен.

Мындан сырткары, КРнын 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону” негиз кылып, айыл чарбасына жарактуу бир канча жер тилкелерин жеке менчикке берип жиберишкендиги аныкталган.

Материалдар укуктук баа берүү үчүн  КР Улуттук коопсуздук комитетине өткөрүлүп берилди.

Show More
Back to top button