Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстанда 50 миллион сомго аквакультура борбору түзүлөт

Бүгүн, 2-июлда «Аква Сервис» ЖЧК Кыргызстан жана «Кинг Салмон» ЖЧК компанияларынын консорциуму (Эл аралык инвестор Түштүк Корея) менен Балык өнөр жай комплекси департаментинин ортосунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принцибинде «Күрпсай суу сактагычында аймактык аквакультура борборун» түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. 

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, министрликке караштуу Балык өнөр жай комплекси департаментинин директору Эдил Ниязов, «Аква Сервис» ЖЧКсынын директору Олег Досаев, Балык чарба ассоциациясынын президенти Ренад Досаев, Агроөнөр жай бирикмесинин өкүлү Рустам Балтабаев жана Aqua Service LLC жана King Salmon ЖЧК компанияларынын өкүлчүлүгү катышты.

Долбоордун максаты Кыргызстанда аквакультура борборун түзүү аркылуу балык чарбасын өнүктүрүү менен экспорттук потенциалын арттыруу болуп эсептелет.

Ийгиликке жетүү үчүн долбоорго жалпы 50 миллион сом сарпталат. Каржысын Түштүк Кореялык инвесторлор көтөрөт.  Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби боюнча «Аква Сервис» ЖЧК Кыргызстан жана «Кинг Салмон» ЖЧК компанияларынын консорциуму ишке ашырат.

Аквакультура борбору – конференц-зал, балык тукумун көбөйтүүчү материалдар жана товардык балыктарды алгачкы диагностикалоо лабораториясы, борбордун жана балык өнөр жай комплекси департаментинин кызматкерлери үчүн кеңсе менен жабдылат. Ошондой эле, Күрпсай суу сактагычынын сууларына аквакультура боюнча практикалык, билим берүү, илимий-изилдөө иш-чараларын жана программаларын жүргүзүүнү камсыздайт.

Show More
Back to top button