Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
Ноокат районундагы селден өлгөн малдын саны 45ке жетти – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

Ноокат районундагы селден өлгөн малдын саны 45ке жетти

Бүгүн, 2024-жылдын 1-июлдун саат 11:00 карата табигый кырсык катталган Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынан дагы 2 баш жылкынын өлүгү табылган. Өлгөн мал атайын казылган чуңкурга көмүлүп, зыянсыздандыруу иштери бардык ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык жүрдү. Тиешелүү адистер тарабынан дагы тактоо иштери уланууда, кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, буга чейин 2024-жылдын 28-июнунда Ноокат районунун аймагына нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен, Н.Исанов айыл аймагынан 3 баш ири мүйүздүү мал, Кеңеш айыл аймагынан 3 баш ири мүйүздүү мал, Мирмахмудов айыл аймагынан 1 баш ири мүйүздүү мал, Гулистан айыл аймагынан 2 баш ири мүйүздүү мал, 15 баш майда жандык (кой-эчкилер), Жаңы-Ноокат айыл аймагынан 5 баш ири мүйүздүү мал, Көк-Жар айыл аймагынан 4 баш ири мүйүздүү мал, Кулатов айыл аймагынан 10 баш ири мүйүздүү мал, жалпы 45 баш мал жандыктын өлүктөрү табылып ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык атайын чуңкурчаларга ташталып залалсыздандырылган болчу.

Ноокат райондук ветеринардык башкармалыгы тарабынын 8 инспектор, 12 ветеринардык адис, 6 автоунаа тартылган.

Show More
Back to top button