Маанилүү жаңылыктар

5 айда өлкө базарларынан 5 миң килограммдан ашуун жашылча жемиш жок кылынган

2024-жылдын 5 айында республиканын базарларындагы ветеринардык-санитардык экспертиза лабораторияларында жашылча-жемиштерге 791 446 экспертиза жүргүзүлгөн. Анын ичинен 5138,5 кг продукция санитардык талаптарга жооп бербегендиктен сатуудан алынып, утилизацияланган.

Жашылча-жемиштердин сезонунда ветеринардык-санитардык экспертизадан өткөрүү маселеси базарларга түшүүчү продукциянын көптүгүн эске алуу менен өзгөчө актуалдуу болуп калат.

Буга байланыштуу Ветеринардык кызмат шаар тургундарына жашылча-жемиш сезонунда төмөнкү сактык чараларын көрүүнү сунуштайт:

Ишенимдүү сатуучулардан сатып алыңыз: жашылча-жемиштерди санитардык нормаларды сактаган ишенимдүү сатуучулардан сатып алыңыз.

Продукцияларды кылдат текшерүү: Сатып алуудан мурун продукцияны кылдаттык менен текшерип, жаңылыгына, бүтүндүгүнө жана бузулуу белгилеринин жоктугуна көңүл буруңуз.

Сактоо шарттарын сактоо: Жашылчаларды жана жемиштерди жаңылыгын жана сапатын сактоо үчүн сунуш кылынгандай (муздаткычта, кургак жана салкын жерде) сактаңыз.

Шектүү мүнөздөмөлөрү бар продукциялардан качуу: Шектүү жыты, түсү же текстурасы бар продукцияларды сатып албаңыз.

Гигиеналык чараларды сактоо: жашылча-жемиштерди кайра иштетип чыккандан кийин, керектөөнүн алдында аккан суунун астында жакшылап жууш керек. Бул сунуштар мөмө-жемиштер жана жашылча-жемиштер мезгилинде сапатсыз азыктарды керектөөнүн кесепеттерин жана оорулардын тобокелдиктерин минималдаштырууга жардам берет.

Show More
Back to top button