![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/WhatsApp-Image-2024-06-26-at-11.21.39-1.jpeg)
Балык өнөр жай комплекси департаментинин Тоң балык өстүрүү заводу тарабынан карп-сазан чабактары Ысык-Көлгө кое берилген.
Чабактарды чыгаруу боюнча иш-чаралар Ысык-Көлдүн №21 жана №37 балык уулоо участокторунда жүргүзүлүп, жалпысынан 6 миллион даана карп-сазан чабактары чыгарылган.
Ошондой эле, №40 (Түп булуңу) балык уулоо участогунда, “Ысык-Көл плюс” балык өстүрүү айыл-чарба кооперативи 5 миллион даана карп-сазан чабактарын чыгарган.
Белгилей кетсек, иш-чара кызыкдар тараптардын катышуусу менен комиссиялык түрдө, зарыл актыларды түзүү менен жүргүзүлдү.
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/WhatsApp-Image-2024-06-26-at-11.21.39.jpeg)
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/WhatsApp-Image-2024-06-26-at-11.21.38-1024x576.jpeg)
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/WhatsApp-Image-2024-06-26-at-11.21.38-1.jpeg)
![](https://agro.gov.kg/wp-content/uploads/WhatsApp-Image-2024-06-26-at-11.21.37.jpeg)