Маанилүү жаңылыктар

Чүй облусунда сугат сууга болгон муктаждык июнь айынын 2-декадасында жогорулады

Чүй облусунун жалпы сугат жер аянты 320 миң гектарды түзүп, анын ичинен 275,7 мин гектары чарбалар аралык системалардан, 44,8 миң гектары ички чарбалык системалардан сугат суу менен камсыздалат.

Вегетация мезгилинин башталышына карата облус аймагындагы бардык суу сактагычтар максималдуу долбоордук көлөмгө чейин – 627,5 млн. м3 суу менен толтурулган.

Кыргызгидрометтин алдын ала божомол менен берген маалыматы боюнча, 2024-жылдын вегетация мезгилинде Чүй дарыясынын суусу нормадан 85%, Чүй дарыясынын негизги куймасы болгон Чоң-Кемин дарыясынын суусу нормадан 69% түзмөк. Май айында Чүй өрөөнүндө жаан-чачын көп болгондуктан, дарыялардын иш жүзүндө агып келген суу нормадан көп келип, натыйжада сугат сууга болгон муктаждык аз болду.

Акыркы он жылдын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ичинен сууну көп талап кылган өсүмдүктөрдүн айдоо аянттары орточо 23% га өстү, айрыкча кулпунай жана малина өсүмдүктөрүн белгилеп кетсек болот. Көрсөтүлгөн факторлор Чүй өрөөнүнүн сугат жерлерин сугат суу менен туруктуу камсыз кылууга олуттуу деңгээлде таасирин тийгизүүдө.

Июнь айынан баштап белгиленген аба ырайына байланыштуу айыл чарба өсүмдүктөрүн массалык сугаруу башталып, анын негизги бөлүгүн техникалык өсүмдүктөр, кылкандуу дан эгиндери, көп жылдык чөптөр жана жүгөрү түзөт. Ушуга байланыштуу сугат сууга болгон муктаждык өзгөчө июнь айынын 2-декадасында жогорулап, Орто-Токой суу сактагычынын максималдуу иштетилиши 120 м3/сек чейин жогорулады.

ЧЧЧК, БЧЧК, ТЧЧК, Ат-Башы магистралдык каналы сыяктуу Чүй облусунун бардык магистралдык каналдары мүмкүн болушунча максималдуу көлөмдө жүктөлгөн. Үстүбүздөгү жылдын 20-июнуна карата облус боюнча бардыгы болуп 117 м3/сек. сугат суу берилди. Чүй облусунун бардык райондору билдирмелерге ылайык суу берүү менен камсыз кылынды.

Азыркы учурда бардык суу пайдалануучуларды сугат суусу менен туруктуу камсыз кылуу үчүн үнөмдөө максатында сугат суусун күнү-түнү сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле сугаруунун кезектүүлүгүн сактоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, тамчылатып сугаруу жана жамгырлатып сугаруу сыяктуу сугаттын прогрессивдүү ыкмаларын киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан ары чыр-чатактуу кырдаалдарды болтурбоо үчүн, Чүй өрөөнүнүн бардык суу чарба системалары боюнча суу кезектешип берүү жана лимиттик суу бөлүүнү киргизүү зарыл.

Show More
Back to top button