Маанилүү жаңылыктар

Министрлик жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол берилбей турганын эскертти

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы  КР Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Нарын облусунун Кочкор районунда текшерүү жүргүздү.

Кочкор айылынын борборундагы Орозбаков жана Омуров көчөлөрүндө мурда берилген эскертүүлөргө карабай кызыл сызыкка чыгып, мыйзамсыз иштеп жаткан 10дон ашык күркөлөр алынып, алды кеңейтилипп, тосуп алган коммерциялык обьектилердин цемент тосмолору сүрдүрүлдү.

Мындан тышкары, 12 күркө иштеткен жарандарга кызыл сызыкка тиешелүү жерлерди бошотуп берүү боюнча 3 күндүк мөөнөт берилди.

Ал эми комиссия менен иш алып барууда 102 жаран кеңейтип алган жерлеринен өз чектерине жылдырылды.

Эскерте кетсек, аталган Жарлыкты аткаруунун алкагында жыл башынан бери 67 жаранга чара көрүү боюнча 18 кат Ички иштер башкармалыгына жиберилди. 4 иш Архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгына жана 2 иш прокуратура органдарына өткөрүлүп, 7 жер аянты калыбына келтирилди.

Show More
Back to top button