
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде багбанчылык боюнча эксперттик кеңештин биринчи жыйыны болуп өттү.
Жыйында багбанчылыктын учурдагы абалы жана өнүгүү перспективалары каралып, экспортко багытталган мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторун алып келүү боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Мөмө-жемиш продукциясын кайра иштетүүнү жана логистиканы өнүктүрүүнү кечеңдеткен көйгөйлөр айтылды.
Республиканын ар кандай топурак-климаттык региондорунда мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн өзгөчөлүктөрү жана жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн сортторун селекциялоонун жаңы багыттары жөнүндө маалымат берилди.
Жыйынтыгында пикир алмашуу болуп, Кыргыз Республикасында багбанчылык тармагын өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча бир катар чечимдер жана сунуштар кабыл алынды.





