Маанилүү жаңылыктар

Баткенде балык чарбаларын уюштуруу боюнча семинар өттү

Бүгүн, 19-июнда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында “Балык чарбаларын уюштуруу жана жүргүзүү” темасында окутуу семинары болуп өттү. Бул иш-чара бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңештин 3-отурумунун протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында уюштурулган.

КР СРАЧКИӨЖМге караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин адистери фермерлерге, ишкерлерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө жана башка кызыкдар жактарга көлмө жана бассейндик аквакультураны жүргүзүү, балыктын урук материалдарын жана товардык балыкты өстүрүү, тоюттандыруу, балык чарбаларын долбоорлоо жана иштетүү, балык чарбасын жүргүзүүдө ветеринардык-санитардык жана балык өстүрүүчүлүк-биологиялык ченемдерди жана талаптарды сактоо үчүн уруксат берүүчү документтерди алуу боюнча кеңеш беришет.

Бул ченемдер оорулардын жайылышын алдын алуу жана көлмө чарбасында балыктардын ден соолугун камсыз кылуу үчүн зарыл.

Семинардын практикалык бөлүгү жеке балык чарбасында өткөрүлдү.

Show More
Back to top button