
Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун, жайыт секторунда илимий көргөзмө аянттарында жүргүзүлүп жаткан илимий иштерди тааныштыруу иш-чарасы болуп өттү.
Ага аталган мекеменин директору Керималиев Жаныбек Калканович институттун жетекчилиги жана Кыргызстандагы ΚΟΡΙΑ бοрборунун директору Кванг Сог Чу адистери катышты.
Көргөзмө аянтта институттун окумуштуулары тарабынан чыгарылган айыл-чарба тоют өсүмдүктөрүнүн сорттору жана жаңы иштелип чыгып жаткан сорттор, ошондой эле өсүмдүктөрдүн климаттык шартка жөндөмдүүлүгү, түшүмдүүлүгү, кургакчылыкка туруктуулугу жана башка сапаттары боюнча кенен маалымат берилди.
Иш-чаранын жыйынтыгында тажрыйба иштеринин кемчиликтери жана жетишкендиктери талкууланды.








