Маанилүү жаңылыктар

Министрлик айыл чарбасын кооперациялоо жаатында Түрк кооперативдик уюму менен кызматташат

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарбадагы кооперация, механизация жана инновациялык технологиялар департаменти менен Түрк кооперативдик уюму (Türk Kooperatifçilik Kurumu) ортосунда кызматташуу ниети жөнүндө протоколу түзүлдү.

Муну менен тараптар төмөндөгү максаттарды жана милдеттерди көздөп айыл чарба кооперациясы жаатында кызматташууга макул болушат:

1.Кооперативдик кыймылдын түзүлүшү жана өнүгүүсү боюнча тажрыйба жана билимдер менен алмашат;

2. Биргелешип окууларды, семинарларды, конференцияларды жана тренингдерди өткөрөт;

3. Биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга көмөктөшөт.

Show More
Back to top button