Маанилүү жаңылыктар

Республика боюнча 44 950 гектар айыл чарба аянтындагы зыяндуу чегирткелер жок кылынды

Зыяндуу чегирткелер жыл сайын республикабыздын айыл чарбасына, экономикасына, социалдык жашоосуна потенциалдуу коркунуч жаратуусу менен өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуусуна коркунуч жаратып келет.

Учурда жалпы республика боюнча 76210 гектар айыл чарба аянттарында адистер тарабынан изилденген 54795 гектарда зыяндуу чегиртке бар экени аныкталган. Ошонун ичинен 44950 гектарда химиялык иш-чара колдонуу менен зыяндуу чегирткелер жок кылынды.

Өсүмдүк зыянкечтеринин арасынан чегиртке өтө коркунучтуу болгондугуна байланыштуу, аларды жок кылууга тиешелүү каражаттар республикалык бюджеттен каралып турат.

Адистердин берген болжолу боюнча быйылкы 2024-жылга чегирткенин таралуусу 65 миң гектарга болжолдонуп, ага республикалык бюджеттен 33537,8 миң сом каржылоо каралган. 

Бул багыттагы тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн министрликтин алдындагы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин базасында: 13 даана «тойота хайлюкс» атайын техникалары аларга чиркелген 9 даана «микронер ау-8115м» уу чачкычтары менен, 3 даана атайын техника пестициддерди жеткирүү үчүн, 12 даана “беларусь МТЗ – 82,” трактору уу чачкычтар менен даярдалган. Баардык техникалар ремонттон өтүп, иш-чараларды өз убагында жана ыкчам аткарылууда.

Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү-жаз айындагы жагымдуу аба ырайына жана климаттык шарттарга байланыштуу, мурда чыкпаган аймактарда, зыяндуу чегиртке очокторунун пайда болушу жана кескин көбөйүшү байкалууда.

Мындай түзүлгөн кырдаалда, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана жайыт аянттарын чегиртке басып калган аянтынын көбөйү коркунучу бар. Адистердин жер-жерлерден алган маалыматы боюнча чегирткелердин таралышы 90 миң гектарга чейин жетиши мүмкүн.

Кыргызстанда чегирткелердин 50дөн ашык түрү кездешет. Чегирткелер негизинен үйүрлүү жана үйүрлүү эмес деп бөлүнөт. Үйүрлүү чегирткелерге, Марокко чегирткеси жана Италия чегирткеси кирет. Аталган эки түр башка чегирткелерден айырмаланып, өтө чоң аянттарга таркалып, айыл чарбасына олуттуу зыян келтирет. Алыс аралыкка учушат.  Бир күндө 100 км аралыкты учуп өтүүгө жөндөмдүү. Өтө сугалак. Салыштырмалуу айтканда, 500 миң чегиртке бир күндө 2500 адамдын тамагын жейт жана төлчүл келип, бир ургаачы чегиртке 40-80 жумуртка таштайт.

Мындан тышкары коркунучу азыраак түрлөрү дагы бар. Алар – Туран чегирткеси, Чырым кобылкасы, Атбасар кобылкасы жана Сибирь кобылкасы. Кээ бир жылдары бул чегирткелердин популяциясы көбөйүп, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирген учурлар катталган.

Зыянкеч чегирткелердин биологиясы боюнча, алардын массалык чыгуулары ар бир 8-11 жылда болуп турат. Кыргызстанда: 1980-жылы – 570,0 миң гектарда, 1989-жылы – 160,0 миң гектарда, 2008-жылы – 157,0 миң гектарда жана 2018-жылы – 146,0 миң гектарда катталган.

Зыяндуу организмге карыш күрөшүү жана фумигациялоо бөлүмү аркылуу чегирткени жок кылуу жумуштарынан сырткары дагы өсүмдүктөрдүн зыянкечтерден тазалоо иштери социалдык маанилүү обьектерде дагы жүргүзүлүп турат.

Show More
Back to top button