Маанилүү жаңылыктар

Чүй облусу боюнча вегетациялык мезгилге даярдоо иштери толугу менен аяктады

Чүй облусунун мамлекеттик ирригациялык тармактарды 2024-жылдын вегетация мезгилине даярдоо максатында 20,4 км чарбалар аралык каналдарды оңдоо жана тазалоо, 14 гидротехникалык курулмаларды, 20 суу өлчөөчү постторду оңдоо, 9 суу топтоочу курулмаларды тазалоо иштери аткарылды.

2024-жылдын сугат мезгилине даярдоо графигине ылайык, Чүй облусунун мамлекеттик суу чарба объекттерин оңдоо жана тазалоо боюнча негизги иштери 2024-жылдын 1-майына чейин аяктады. Учурда сугат суусу суу пайдалануучулардын суроо-талабы боюнча берилүүдө.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-ноябрындагы №706-т тескемесине ылайык, Чүй облусунун мамлекеттик суу чарба объектилеринде оңдоо-куруу иштерин жүргүзүү максатында:

– Панфилов районундагы «Агермень» суу сактагычынын механикалык тазалоо иштеринин 60% аткарылып, 2024-жылдын сугат мезгилине толтурууга байланыштуу тазалоо иштери токтотулду. Мерчемделген тазалоо иштери 2024-жылдын 4-кварталында улантылып, 2025-жылдын сугат мезгилине карата толугу менен аткарылат.

– Москва районундагы «Макачи» жана «Молтобар» декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин механикалык тазалоо иштери аткарылды. 2024-жылдын сугат мезгилине толтурууга байланыштуу Молтобар БДРнин тазалоо иштери токтотулду. Мерчемделген тазалоо иштери 2024-жылдын 4-кварталында улантылып, 2025-жылдын сугат мезгилине карата толугу менен аткарылат.

– Ысык-Ата районундагы «Рассвет» каналынын реконструкциялоо, бетондоо иштери аткарылды.

– Аламудун районундагы «Төмөнкү Ала-Арча» дамбаны бекемдөө иштери аткарылды.

– Ысык-Ата районундагы «1 Май» БДРде механикалык тазалоо иштери аткарылууда.

Мындан тышкары курулуш иштери жүргүзүү боюнча төмөнкү объектилерде мерчемделген:

– Сокулук районунда «Шорго» объектисинде 2024-жылдын июл айында курулуш иштери башталышы пландалган.

– Москва районунда «Ак-Суу» БДРде 2024-жылдын аягында.

– Панфилов районунда «Кара-Тума» БДРде 2024-жылдын аягында.

Ошондой эле Чүй районундагы жерлерин сугат суу менен камсыздоо үчүн «Чүй районунда ирригацияны өнүктүрүүнүн схемаларын иштеп чыгуу» долбоору 7 БДРлер боюнча долбоорлоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Show More
Back to top button