Маанилүү жаңылыктар

Аламүдүн районунда 8 жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке өткөнү аныкталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Аламүдүн райондук прокуратурасынын катынын негизинде, Аламүдүн районунун Байтик айыл аймагына караштуу «Швейник» дачасынан өткөн Ала-Арча дарыясынын суу коргоо зонасында текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар, тактап айтканда 8 жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткени аныкталды. Муну менен Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 92-беренеси, Суу кодексинин 85 жана 69-беренелери «Кыргыз Республикасындагы суу коргоо зоналары жана тилкелери жөнүндө» бекитилген токтом сакталган эмес.

Жыйынтыгында, мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен жер тилкелерди мамлекетке кайтаруу боюнча Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Учурда соттук процесс жүрүп жатат.

Show More
Back to top button