Маанилүү жаңылыктар

5 айда республика боюнча 9 МТС түзүлүп, жыл аягына чейин аны 35ке жеткирүү пландалган

2024-жылдын 5 айында республика боюнча 9 МТС түзүлгөн, Чүй облусунда 3, Ысык-Көлдө 1, Таласта 1, Баткенде 1, Жалал-Абадда 1, Нарын 2. Быйылкы жылы Республика боюнча жалпы 35 жеке жана мамлекеттик МТСтерди уюштуруу пландалууда жана азыркы учурда бул багытта иш чаралар жүргүзүлүүдө.

Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн бир катар иш-чаралар аткарылып жатат. Айылдык товар өндүрүүчүлөргө механизациялаштырылган кызматтарды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү, машина-трактордук паркты модернизациялоо жана жаңылоо максатында Кыргыз Республикасынын  суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан демилгеленип кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы №107-б буйругунун негизинде бүгүнкү күндө республиканын райондорунда агротехникалык кызмат көрсөтүүчү машина-трактордук станциялар (МТС) уюшулууда. Жогорудагы чечим кабыл алынгандан бери республика боюнча жалпысынан 151 МТС уюшулган, алардын 53 муниципалдык, 98 жеке менчик ишканасы болуп эсептелет, алардын карамагында 3000 ашык айыл чарба техникалары бар.

Show More
Back to top button