Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстандын аймагына жумуртканы ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (мындан ары – Министрлик) 2024-жылдын 5-июнунда № 293 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы тооктун жумурткаларын ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтому кабыл алынып күчүнө киргендигин маалымдайт.

Аталган КР МК токтому өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу, ошондой эле өлкөнүн ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында кабыл алынды.

Кабыл алынган КР МК токтому инкубациялык жумурткаларга жана азыктык тооктун эмес жумурткаларына жайылтылбайт.

Show More
Back to top button