Маанилүү жаңылыктар

Чүй облусунун Алтын айылында чегирткелердин айыл чарбасына зыян келтирүүсү алдын алынды

6-июнда социалдык тармактарга Чүй облусунун Панфилов районунун Сары-Коо айылдык округунун Алтын айылында зыяндуу чегирткелердин арпага зыян келтирип жаткандыгы боюнча чыккан маалыматка  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти төмөнкүлөрдү билдирет.

Аталган департаменттин адистери атайын уу чачуучу техникалары менен аталган айылга ыкчам барып, жеринде маселени чечүү үчүн 2 трактордук уу чачкычтар менен химиялык иштетүүлөрдү жүргүзүштү. Натыйжада, зыяндуу чегирткелердин айыл чарбасына коркунуч келтирүүсү алдын алынды.

Аталган айылдык округ боюнча жалпы 730 гектар аянтта изилдөө иштери жүргүзүлүп, анын ичинен 680 га аянтта зыяндуу чегирткелер табылган, жана бардык таркалган 680 га аянтта иштетүүлөр жүргүзүлдү.

Видеодо көрсөтүлгөн Алтын айылында химиялык иштетүүлөр жол жээгинде жана 3 гектар арпа аянтынын жээгинде жүргүзүлүп, зыян келтирүү алдын алынды.

Айта кетсек, жалпы Чүй облусу боюнча бүгүнкү күнгө карата зыяндуу чегирткелерге изилдөө иштери 4130 гектар аянтта жүргүзүлүп, анын ичинен – 2040 га аянтта зыяндуу чегирткелер таркалганы аныкталган. Бүгүнкү күндө облус боюнча 1010 га аянтта химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү.

Show More
Back to top button