Маанилүү жаңылыктар

Тоң районунда «Үч-Коргон» суу сактагычын курууга капсула салынды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев 2024-жылдын 4-июнунда Ысык-Көл облусунун Тоң районунда көлөмү 4,3 млн.м3 түзгөн «Үч-Коргон»  сезондук жѳнгѳ салуу бассейндин курулушуна капсула салды.

Иш чарага Суу ресурстары кызматынын директору – министрдин орун басары Алмазбек Сокеев,  министрликтин тиешелүү жетекчи адистери,  Ысык-Көл облусунун башчысы Улан Далиев, Тоң районунун акими Байышбек Астанакулов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тургундары катышты.

БСРдин курулушунун максаты –  Тоң дарыясынын вегетациялык эмес агымын жөнгө салуу менен системасындагы бардык сугат жерлерин суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Натыйжада Тоӊ районундагы Төрт-Күл, Күн-Чыгыш, Болот Мамбетов жана Тоӊ айыл өкмөттөрүнүн 4113 га сугат жерлерди суу менен камсыздоо жогорулайт жана 817 га жаңы сугат жер өздөштүрүлөт. Курулуш иштерин бүтүрүү 2025-жылдын декабрь айына мерчемделген.

          Министр Бакыт Төрөбаев салтанаттуу аземде сүйлөгөн сөзүндө, “бул долбоорду ишке ашыруу аймактын айыл чарбасына оң таасирин тийгизип жана чарбалардын бакубаттуулугун жогорулатып, аймактын социалдык-экономикалык секторун өнүктүрүүгө түрткү берет”, – деп айтты.

Ошондой эле, бул багытта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ирригация тармагын өнүктүрүү программасынын алкагында бир топ алгылыктуу иштер аткарылып жатканын белгилеп, акыркы жылдары калктын өсүшүн эске алуу менен ирригациялык объекттерди курууга жана жаңы сугат жерлерин киргизүүгө болгон муктаждык өлкөбүздөгү өтө артыкчылыктуу милдеттердин бирине айланганын билдирди.

Show More
Back to top button