Маанилүү жаңылыктар

Кадамжайда Р-1 каналы курулуп, 881 га жер сугат суу менен камсыздалды


Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жумушчу иш сапарынын алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл аймагын суугат суу менен камсыз кылуучу жаңы бүткөрүлгөн Р-1 каналын көрдү.
Каналдын курулушуна республикалык бюджеттен 183,0 млн. сом сарпталган. Негизги кызматтык мааниси – Исхак Полотхан айыл аймагынын Жошук, Таш-Добо, Чекелик жана Кок-Таш айылдарын сугат суу менен камсыз кылуу.
Р-1 каналын курууда 4341 метр аралыктан темир түтүк тартылып, 881 га сугат жерди суу менен камсыздоо жогорулатылды. Натыйжада, жогорудагы айылдарды сугат суу менен камсыз кылуу кыйынчылыктары жеңилдетилди.
Жогорудагыдай долбоорлорду ишке ашыруу менен айыл чарба продукциясын өстүрүүгѳ ѳздѳштүрүлгѳн жаңы сугат жерлер социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга жана региондордун өнүгүшүнѳ, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун жана жакырчылыкты жоюу маселелерин чечүүгө ѳбѳлгѳ түзѳт.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев өлкөбүздүн ирригация тармагы эң негизги приоритеттүү тармагы экенин белгилеп, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында учурда бир топ алгылыктуу иштер аткарылып жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, республикада дыйканчылыктын 90 пайыздан ашуун продукциясы сугат жерлерден алынат. Сугат жерлердеги өсүмдүк өстүрүүчүлүк Кыргызстандын калкынын жарымынан көбү үчүн кирешенин негизги булагы болуп саналат.

Show More
Back to top button