Маанилүү жаңылыктар

Баткен районунда Р-4 суу каналы пайдаланууга берилди

Бүгүн,  31-майда Баткен районундагы Р-4 суу каналы пайдаланууга берилди. Объектинин курулуш иштери Кытай Эл Республикасынын 480.0 млн.сомдук грантынын эсебинен ишке ашырылды.

Долбоор боюнча жалпы узундугу 46,2 км канал курулуп, анын ичинен 16,3 км магистралдык канал, 29,9 км ички чарбалык каналдар болуп саналат.

Натыйжада 1500 га жаңы сугат жерлер ѳздѳштүрүлүп, 1543 га сугат жерди суу менен камсыздоо жогорулатылды. Мындан сырткары, 28,5 га жер аянтына тамчылатып сугаруу системасы орнотулду. Каналдын курулушу менен Баткен районунун Дара, Кара-Бак айыл өкмөттөрүнүн жана Баткен шаарынын 30 000 ге жакын тургундары сугат суу менен камсыздалды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев каналдын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө өлкөбүздүн ирригация тармагы эң негизги приоритеттүү тармагы экенин белгилеп, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында учурда бир топ алгылыктуу иштер аткарылып жатканын билдирди.

“Республика боюнча мамлекеттин карамагындагы 2100 км канал, 10 000  гидротехникалык курулмалар калыбына келтирилип, 119 насостук агрегаттары алмаштырылып,  дыйкан-фермерлерибиз сугат суу менен камсыздалды. Мындан сырткары, ирригациялык инфраструктураны жакшыртууга республикалык бюджеттен 1 млрд.сомго 112 даана атайын техника алынууда. 2024-2030-жылдар аралыгында 86 БДРдин курулушу менен 39,6 миң гектар жаңы сугат жерлер өздөштүрүлүп, ошондой эле, 223,7 миң гектар сугат жерди суу менен камсыздоо жогорулатылат. Мындан сырткары, узундугу 1068,0 км болгон 67 каналда реабилитациялык иштерди жүргүзүлдү. Бул жагдай сугат суунун жоготуусун 30-50%га кыскартууга мүмкүндүк берет”,- деп билдирди.

Белгилей кетсек, республикада дыйканчылыктын 90 пайыздан ашуун продукциясы сугат жерлерден алынат. Сугат жерлердеги өсүмдүк өстүрүүчүлүк Кыргызстандын калкынын жарымынан көбү үчүн кирешенин негизги булагы болуп саналат.

Акыркы жылдары калктын өсүшүн эске алуу менен ирригациялык объекттерди курууга болгон муктаждыкты чечүү багытында  республикадагы 44 ирригациялык курулуш объекттери каралып, бүгүнкү күндө 10 суу чарба объектилери ишке берилди. Натыйжада 5680 жаңы сугат жерлер өздөштүрүлүп, 25700 га сугат жерлерди суу менен камсыздоо жогорулатылды. Мындан сырткары, 12 253 га сугат жерлеринин мелиоративдик абалы жакшыртылды.

Жогорудагыдай долбоорлорду ишке ашыруу менен айыл чарба продукциясын өстүрүүгѳ ѳздѳштүрүлгѳн жаңы сугат жерлер социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга жана региондордун өнүгүшүнѳ, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун жана жакырчылыкты жоюу маселелерин чечүүгө ѳбѳлгѳ түзѳт.

Show More
Back to top button