Маанилүү жаңылыктар

Россельхознадзор Кыргызстандын айрым ишканаларына чектөөлөрдү алып салды

2024-жылдын 30-майында Россия Федерациясынын Москва шаарында Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов жана министрликке караштуу Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов курамында болгон делегация менен Россия Федерациясынын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын жетекчиси (Россельхознадзор) Сергей Данкверт ортосунда Кыргызстан менен Россия Федерациясынын ветеринария жана фитосанитария чөйрөсүндө кызматташтыкты бекемдөө маселелери боюнча жумушчу сүйлөшүүлөр болуп өттү.  

Министрлердин орун басарлары эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү жогорулатуу үчүн олуттуу потенциалды белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов Кыргызстандын балык жана сүт тармагында мурда аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана административдик жоопкерчилик чөйрөсүндө Ветеринардык кызматтын көзөмөл – контроль функцияларын күчөтүү, көзөмөлдө турган объекттерди натыйжалуу көзөмөлдөө үчүн Ветеринардык кызматтын ыйгарым укуктарын кеңейтүү процесстери жөнүндө Россельхознадзордун жетекчиси Сергей Данквертке маалымдады.

Ошону менен бирге, Россельхознадзордун жетекчиси кесиптештеринин көңүлүн товарларды көзөмөлдөөдө, аларды лабораториялык контролдоодо жана башка аспектилерде натыйжалуулукту жогорулатуу зарылдыгына бурду.

Ошондой эле, 2024-жылы Россельхознадзорго караштуу “ВНИИЗЖ” ФМБМда жана  “ВГНКИ”ФМБМда Ветеринардык кызматтын кызматкерлерин окутуу (квалификациясын жогорулатуу) маселелери козголду.

2024-жылдын 30-майында Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов менен Россельхознадзордун жетекчиси Сергей Данкверт ортосундагы жолугушуунун кол коюлган протоколуна ылайык, Ветеринардык кызмат тарабынан 2023-жылы Россельхознадзордун  балыкты кайра иштетүүчү жана сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды текшерүүсүндө аныкталган эскертүүлөрдү жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларды эске алуу менен Россельхознадзор Кыргыз Республикасынын төрт балыкты кайра иштетүүчү ишканасына жана үч сүттү кайра иштетүүчү ишканасына коюлган убактылуу чектөөлөрдү алып салды. Кыргыз Республикасынын аталган ишканаларына өз продукцияларын Россия Федерациясынын аймагына жеткирүүгө (экспорттоого) уруксат берилди.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына өз продукцияларын жеткирүү укугуна ээ болгон ишканаларынын жалпы саны – балыкты кайра иштетүүчү ишкана 10 жана  сүттү кайра иштетүүчү ишкана 7.

Show More
Back to top button