Маанилүү жаңылыктар

Жүн жана андан жасалган даяр продукция Кытайга экспортко чыга баштады

Жүн ыргытылбай баалуу продукцияга айланат. Азыркы тапта Бишкек шаарындагы Фрунзе заводунун аймагында иш алып барган ишкана 6-майдан тартып, биринчи продукциясын Кытайга экспортко чыгарды. Акыркы үч жума аралыгында аталган өлкөгө Кыргызстандан 20 тоннадан ашуун жүн экспорттолгон.

Ошол эле учурда ишкана бир гана жүн эмес, андан жасалган даяр продукцияны да ийгиликтүү чет өлкөгө чыгарып турат. Бүгүнкү күндө Фрунзе заводундагы жүн ишканасы ак жүндүн бир килограммын 60-100 сом, кара жүндү 10-15 сомдон баалап, сатып алышат. Иштетилген жүндөн улуттук кийим-кече, жууркан-төшөк (одеяло), кийизден жасалган түрдүү буюм-тайымдар чыгарылат.

Белгилей кетсек, буга чейин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев “Айыл чарба тармагын көтөрүү үчүн кайра иштетүү өнөр жайына өзгөчө маани берилет. Бул багыттардын бири катары жүндү кайра иштетүүнү колго алуу. Мунун натыйжасында, айыл жергесинде каралбай, ыргытылып жаткан жүндүн баалуулугун арттыруу аркылуу мал кармаган жарандарыбыздын кирешесин көтөрүү керек”, – деп бир нече жолу белгилеген болчу.

Show More
Back to top button