Маанилүү жаңылыктар

Министрлик рекреациялык балык уулоо үчүн суу сактагычтарды пайдаланууга сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси  департаменти (уюштуруучу) балык чарбаларын уюштуруу жана рекреациялык балык уулоо үчүн суу сактагычтарды жана суу сактагычтын тилкесин пайдалануу үчүн сынак жарыялайт.

           Юридикалык жана жеке жактар сынакка тиешелүү бардык суроолор жана кошумча маалыматтар, ошондой эле сынактык комиссия сынакка катышуучулардын арыздарын баалоочу критерийлер боюнча ведомстволор аралык комиссиянын катчысына төмөнкү дарек боюнча кайрыла алышат: Бишкек шаары, Киев кєч. 96-А., 6-кабат, 607-кабинет.

            Сынакка катышуу үчүн арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 2024-жылдын 26-июнуна чейин.

           Сынактык документтерди кароо боюнча конкурстук комиссиянын отуруму Бишкек шаарында, Киев көчөсү 96-А., (6-кабат 621 кабинет) дареги боюнча 3-июлда саат 10:00дө өткөрүлөт.

К/НЛот Көлмөлөрдүн жайгашкан жериКөлмөлөрдүн/ суусактагычтардын аянты
         Жалал-Абад обл.
100-15Кассан-Сай суу сактагыч  41.367174, 71.427862 Ала-Бука району480 га
                                                                                     Чуй обл.
200-16Балык чарба көлмө  контур №134Красновосточный а/о, Жайыл району3,0 га
300-17“Титан”көлмөсүЛенинский а/о, Аламүдүн району33,6 га
400-18БДР “Новый”Фрунзенский а/о, Панфилов району6,9 га
500-19БСР Эриктуу-1 контур №567Сары-Коойский а/о, Жайыл району13,5 га
600-206 Көлмө  көлмөсүКрасновосточный а/о, Жайыл району5,0 га
700-21Балык чарба көлмөсү контур №38Абдыкерим Сыдыков а/о, Аламүдүн району3,3 га
800-22Балык чарба көлмөсү контур №72Гавриловский а/о, Сокулук району1,2 га
900-23Балык чарба көлмөсү контур №186Крупский а/о, Сокулук району8,7 га
1000-24Балык чарба көлмөсү контур №123Военно-Антоновский а/о, Сокулук району6,9 га
1100-25Балык чарба көлмөсү контур 504-505Сокулук району Чат -Көл а.10,64 га

Юридикалык жана жеке жактар сынакка тиешелүү   бардык суроолор жана кошумча маалыматтар, ошондой эле сынактык комиссия сынакка катышуучулардын арыздарын баалоочу критерийлер боюнча ведомстволор аралык комиссиянын катчысына тємєнкї дарек боюнча кайрыла алышат: Бишкек шаары, Киев көч. 96-А., 6-кабат, 607-кабинет.

Сынактык документтерге талаптар:

1. Сынактык документтин толтурулган арызы

2. Өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү(паспорт)

3. Юридикалык жактын уставынын кєчїрмєсї

4. Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жєнїндє кїбєлїктїн кєчїрмєсї

5. Салык кызматынан маалымкат

6. Социалдык фонддон маалымкат

7. Квалификациясы тууралуу маалымат

 8. Ишкердик план

 9. Сынактык документтерге кол коюу укугуна ишеним кат

10. Башка документтер

Show More
Back to top button