Маанилүү жаңылыктар

Кыргызстандын жашыл экономикасын өнүктүрүүгө багытталган иш-чара өттү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы жана КР УИАнын М.М. Адышев атындагы Геология институту менен бирдикте Кыргыз Республикасында гумус жана агро-минералдык рудалардын запастарын пайдалануу менен бузулган жерлерди калыбына келтирүүнүн жана экологиялык жер семирткичтерди өндүрүүнүн заманбап ыкмалары боюнча ведомстволор аралык жана секторлор аралык диалогду түздү.
Акыркы он жылдыктарда Кыргызстанда айыл чарба жерлеринин деградациясынын күчөшү байкалууда. Жерди толук пайдалануу кыртыштын деградациясынын негизги себеби болуп калууда жана анын кесепеттери өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч келтирүүдө. Жердин деградациясында тоо-кен өнөр жайы да чоң роль ойнойт.
Аталган иш-чарада айыл чарба рудаларын жана вермикомпостту жана башка топурак мелиоранттарын пайдалануунун перспективалары жөнүндө докладдар окулуп, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары көрсөтүлөт жана илимий-практикалык конференция катары өттү.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтери менен комитеттери, КР УИАнын, эл аралык донордук жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана айыл чарба кендерин пайдаланууда позитивдүү тажрыйбасы бар Өзбекстан Республикасынын окумуштуулары катышты.

Show More
Back to top button