Маанилүү жаңылыктар

Пияздын быйылкы түшүмүн баа турукташканга чейин кампаларда сактап туруу сунушталат

Ушул күндөрү пиязга болгон баа ЕАЭБ аймагы жана коңшу мамлекеттерде кескин түрдө түшүп кетти. Алсак, айрым чектеш өлкөлөрдө пияздын наркы эң төмөнкү көрсөткүчтө болуп, элге акысыз таратылууда. Мунун бирден-бир себеби, пияз нормадан ашыкча эгилип, суроо-талап төмөндөп кеткен.

Ошол себептен улам, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги коңшу өлкөлөрдөгү кырдаал Кыргызстанда кайталанбашы үчүн пияздын быйылкы түшүмүн баа турукташканга чейин кампаларда сактап турууну сунуштайт. Ошондой эле, министрлик тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте дыйкан-фермерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча бардык иш-аракеттерди көрүп жатат.

Бул багытта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарба багытында өндүрүлгөн продукциялардын баасын туруктуу кармоо максатында жана дыйкан-фермерлерге тиешелүү көмөк көрсөтүү үчүн Координациялык кеңеш түзүлгөндүгүн билдирет. Бардык кызыктырган суроолор боюнча Координациялык кеңешке кайрылсаңыздар болот!

Координациялык кеңештин байланыш номурлары:
(0312) 66-25-11
(0312) 62-37-22
(0312) 62-37-72

Show More
Back to top button