Маанилүү жаңылыктар

Пияздын массалык түрдө төгүлүп жаткан видеосу Кыргызстанга тиешеси жок

Фейсбук социалдык тармагындагы Bishkek Life тайпасында аты-жөнү белгисиз жаран (Аккаунту Man Bish) тарабынан “Кайран эмгек” аттуу тема менен пияздын кең талаага ыргытылып жатышы боюнча видео тасмага байланыштуу Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги төмөндөгүнү билдирет:

Аталган видео тасма коомчулукта кеңири талкууга алынганы менен ал тасма чындыкка дал келбейт жана Кыргызстандын аймагынан сырткары жерде тартылган. Тактап айтканда, видео Казакстандын Шор-Төбө аймагында орун алгандыгы белгилүү болду.

Ошондой эле, министрлик учурда өлкө аймагында кампаларда сакталып турган былтыркы пияздар дыйкан-фермерлерге эмес, ортомчуларга (алып-сатарларга) таандык экендигин белгилейт жана пияздын жаңы түшүмүнүн баасы туруктуу бойдон сакталышына көмөк көрсөтөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарба багытында өндүрүлгөн продукциялардын баасын туруктуу кармоо максатында жана дыйкан-фермерлерге тиешелүү көмөк көрсөтүү үчүн Координациялык кеңеш түзүлгөндүгүн билдирет. Кеңешке министрликтин жооптуу кызматкерлери кирип, ага министрдин орун басары С.Н.Насирдинов төрагалык кылат. Бардык кызыктырган суроолор боюнча Координациялык кеңешке кайрылсаңыздар болот!

Координациялык кеңештин байланыш номурлары:
(0312) 66-25-11
(0312) 62-37-22
(0312) 62-37-72

Show More
Back to top button