Маанилүү жаңылыктар

Быйыл 633,8 миң га жер айдалып, бул былтыркыдан 1,9 миң га көп

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү берген ыкчам маалыматына ылайык, 2023-жылдын түшүмү үчүн себилген күздүк кылкандуу дан эгиндерин минералдык жер семирткичтер менен кошумча азыктандыруу 122,8 миң га жерде жүргүзүлүп, жалпы аянттын 94,5 % түздү, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 3,1 миң га көп.
Жер айдоо иштерин эң алгачкылардан болуп Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондору, Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондору, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондору башташкан.
Жер айдоо иштери дагы өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда алдыда жүрүүдө, республика боюнча 633,8 миң га жер айдалган, белгиленгендин 93,6% түзөт, же өткөн жылдын деңгээлине караганда, 1,9 миң га көп. Чүй облусунда жер айдоо иштери 186,1 миң га жүргүзүлүп, жалпы айдалуучу аянттын 93,1%, Ош облусунда жер айдоо иштери – 99,6%, Баткен, Жалал-Абад облустарында жер айдоо иштери 93,1%-84,6%, Талас облусунда – 90,6 Ысык-Көл облусунда – 100,0% жана Нарын облусунда – 90,2 аткарылды.
Кылкандуу дан эгиндери республика боюнча 318,6 миң га эгилип, же 91,2%, 2022-жылга салыштырмалуу 4,9 миң га көп себилди. Ал эми Ош облусунда 98,2%, Баткен, Жалал-Абад облустарында 95,1-99,0%, Талас облусунда – 84,2%, Ысык-Көл облусунда – 94,7% ала эми Нарын облусунда – 79,2 % бүткөрүлдү.
Буудай себүү иштери 103,4 миң га түзүп, планга карата 86,2 %, же былтыркы жылдан 1,9 миң га көп эгилди. Ошол эле учурда буудай себүү Ош облусунда-98,7 %, Жалал-Абад облусунда -83,6 %, Баткен облусунда – 93,8%, Чүй облусунда – 70,8%, Талас облусунда – 95,9%, Ысык-Көл облусунда – 92,5% жана Нарын облусунда – 81,4% бүткөрүлдү.
Арпа себүү иштери 215,2 миң га жүргүзүлүп, планга карата 93,8 %, же өткөн жылдагн 3,0 миң га көп себилди. Арпаны себүү иштери Ош облусунда 97,7% бүткөрүлдү, Баткенде-96,2%, Ысык-Көлдө – 96,3 %, Талас, Чүй, Нарын облустарында 78,4-93,7-78,4 % болсо, Жалал-Абад облусунда – 107,8 % бүткөрүлдү.
Өткөн жылга карата дандык жүгөрүнүн себүү аянты жогору болуп – 107,0 миң га себилди, же тапшырманын 98,2 % түзүп, өткөн жылга караганда 1,9 миң га жогору болду. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары планды – 100,0-97,0-81,8 %, Талас облусу – 89,3% жана Чүй облусу – 103,8 % аткарышты.
Республика боюнча чанактуу өсүмдүктөр тапшырма боюнча себүү аянты 55,8 миң га болсо, учурда 50,0 миң га себилип, тапшырма 89,5 %, же өткөн жылга карата 2,5 миң га аз.
Техникалык өсүмдүктөрдөн кант кызылча 13,9 миң га аянтка себилип же тапшырма 95,9 % түзүп, өткөн жылга караганда 4,9 миң га көп себилди.
17,4 миң га пахта эгилип, тапшырма 75,4 %, же өткөн жылга караганда 3,6 миң га аз себилди.
Тамекинин көчөтүн тигүү убагы келип, тапшырмадагы 600 га, учурда 540 га отургузулуп 90,0 % түзүп, же былтыркы жылдан 50 га көп болду.
Май өсүмдүгү 13,1 миң га себилип, тапшырма 63,8 % аткарылды, же бул өткөн жылдын деңгелине караганда 4,77 миң га аз.
Картөшкө 67,4 миң га себилип, тапшырма 90,8 % түзүп, же өткөн жылга караганда 0,1 миң га көп себилди.
Жашылча себүү тапшырма боюнча 55,3 миң га түзсө, анын 46,9 миң га себилди же тапшырмага карата 84,8 % түздү.
Көрсөтүлгөн тапшырма бахча 10,8 миң га жер аянтына отургузуу күтүлсө, учурда 9,4 миң га отургузулду, же 87,1 % түзүп, өткөн жылдын деңгээлинен 1,0 миң га аз болду.

Show More
Back to top button