Маанилүү жаңылыктар

1-июнда “Багбандар күнү – Кадамжайга саякат” аттуу фестивалы өтөт

2024-жылдын 1-июнунда Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн Жаңы-Коргон айылында “Багбандар күнү – Кадамжайга саякат” аттуу илимий – практикалык фестивалы уюштурулат.  

Иш-чаранын максаты – интенсивдүү багбанчылык технологиясы боюнча түптөлгөн алма багын көрсөтүү, жер үлүштөрүн натыйжалуу пайдалануу көндүмдөрүн калыптандыруу, айылдык үй-бүлөлөрдүн туруктуу кирешесин жогорулатуу болуп саналат.

Иш-чарага Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн багбандары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, элчиликтердин, эл аралык жана коомдук уюмдардын, финансылык институттардын жана инвестициялык фонддордун, транспорттук-логистикалык компаниялардын өкүлдөрү, агрардык ЖОЖдордун студенттери, министрликтердин жана алардын аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери, жеке инвесторлор катышат.

Фестивалда окумуштуулар жана агрономдор сабак өтүп, алманын жогорку түшүмдүү сортторун өстүрүү, дарактарды туура бутоо ыкмаларын көрсөтүп,  бакчаларды органикалык жер семирткичтер менен азыктандыруунун жылдык программасы жана тамчылатып сугаруунун заманбап жана сапаттуу системалары менен тааныштырат.

Мындан тышкары, айыл чарба өндүрүшүнүн негизги жана көмөкчү каражаттарынын көргөзмөсү уюштурулат. Ошондой эле дыйкандар инвесторлор, каржы уюмдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Катышуучуларды каттоо төмөнкү шилтеме https://forms.gle/GZ38nUQKPHxi1uqp8 аркылуу жүргүзүлөт.

Show More
Back to top button