Notice: Undefined offset: 1 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438

Notice: Undefined offset: 2 in /var/www/agro.gov.kg/httpdocs/wp-content/plugins/visitors-online/visitors-online.php on line 438
“Органик Экспо – Борбордук Азия” регионалдык форумунун концепциясы талкууланды – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
Маанилүү жаңылыктар

“Органик Экспо – Борбордук Азия” регионалдык форумунун концепциясы талкууланды

2024-жылдын 22-майында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Кубат Касейинов, министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев “Органик Экспо – Борбордук Азия” регионалдык форумунун концепциясын таанышуу үчүн Эл аралык Элчилер жана  долбоорлордун жетекчилери менен талкулоо жыйын өткөрүштү.

Жолугушунун жүрүшүндө Кыргызстан аймагында биринчи жолу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн катышуусунда регенеративдик айыл чарбасын системалуу илгерилетүү, тоолуу аймактардын биомаданий ар түрдүүлүгүн сактоо жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн агрардык секторун туруктуу өнүктүрүүгө жетишүүнүн колдоочуларын бириктирүү, ошондой эле органикалык жана экологиялык таза продукциялардын көргөзмө – жарманкеси тууралуу кеңири мааалымат берилди.

Өз кезегинде аталган көргөзмө-жарманкеге колдоо көрсөтүү жана кызыкдар өнөктөштөрдү тартуу боюнча иш алып барылууда.

Show More
Back to top button