Бак-дарактарды зыянкечтерден жана илдеттерден коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын өнөр жай министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаменти, «Бишкекжашылкурулуш» Муниципалдык ишканасы менен биргеликте 2024-жылдын 7-майынан тартып «Шаардагы дарактарда комплекстүү чачуу иштер илдеттер жана зыянкечтерге каршы» программасын ишке ашырууда.
Чачыратуу иштери түн ичинде, пестициддер менен иштөөдө жеке жана коомдук коопсуздуктун бардык эрежелерин сактоо менен айлана-чөйрөгө жана пайдалуу организмдерге зыяны жок пестициддерди гана колдонуу менен жүргүзүлүүдө.
Ошол эле учурда, адистер шаардыктарга ден-соолукка каршы жеке көрсөтмөлөрдү болтурбоо үчүн чачылган жерлерден кыска убакытка алыс болууну сунушташат.